02 январь 2024

Кароолор: 328

К.Базарбаев: "Нарында ишке ашкан административдик аймактык реформа - тарыхый чоң иш"

Бүгүн, 2-январда КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев Нарын облусуна иш сапары менен келип, облус жетекчилиги, акимдер, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары менен жыл жыйынтыгына арналган жолугушуу өткөрдү.

Иш чарада Кудайберген Базарбаев Нарын облусунда 2023-жылы республикада биринчилерден болуп Административдик-территориалдык реформа (АТР) долбоору толугу менен ийгиликтүү ишке ашкандыгын, бул чоң тарыхый иш экендигин баса белгилеп, бул иштин башында турган Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун жана анын командасынын эмгегине жогорку баасын берди.

Ошондой эле К.Базарбаев Министрлер Кабинетинин 713-токтому менен жүзөгө ашкан жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалыкты башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоору да республикага жайылта турган эң зарыл жана чечкиндүү кадам экенин, мындан сырткары "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасына өтүүдө да Нарын облусу алдыңкы катарда жигердүү иш алып барганын белгиледи.

Учурда Президентибиз тарабынан мамлекеттик кызматкерлердин кадыр-баркын көтөрүү үчүн күчтүү кадрдык резерв түзүү милдети коюлганын, бул багытта агенттик тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, билим-тажрыйбасын көтөрүү жана башка бир катар иштер алып барылып жатканын маалымдады.

Жыйында Нарын облусундагы административдик-аймактык реформанын негизинде түзүлгөн 27 айыл өкмөтүнө жана 27 айылдык кеңешке юридикалык аталышы жазылган бирдей типтеги такталар тапшырылды. Айыл өкмөттөрүн бирдей типтеги такталар менен камсыз кылуу долбоору аталган агенттиктин кызматкерлери тарабынан жазылып, USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору менен каржыланган.

Иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда КР Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин колдоосу чоң болгондугун белгилеп, алдыдагы пландарга токтолду.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.