15 октябрь 2025
Кароолор: 7
КЕЛ-СУУ КӨЛҮНДӨГҮ ТУРИСТТИК ЛАГЕРДИН ЭСКИЗДИК ДОЛБООРУ АЛ ЖЕРДИ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ МАКСАТЫНДА ЖАСАЛУУДА

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кел-Суу аймагында жайгашкан туристтик лагериндеги чар-жайыт жайгашкан боз үйлөрдү ирээтке келтирүү, жайыт жерлерди унаа менен тебелеткендерди алдын алуу жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн жасалган эскиздик долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун туристтик инфраструктураны ирээтке келтирүү жана экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча тапшырмасына ылайык иштелип чыкты.
Эске салып өтсөк, мындай долбоорлор Соң-Көл, Ташрабат сыяктуу Нарын облусундагы туристтер көп барган аймактарда да ишке ашырылат.