12 август 2025

Кароолор: 7

КЕЛ-СУУ ТУРИСТТИК ЖАЙЫ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ

Бүгүн, 12-августа ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Ат-Башы районундагы Кел-Суу туристтик жайына барып, ал жердеги абал менен таанышып, кызмат көрсөтүп жаткан жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушууда ишкерлер жолду оңдоо жана электр жарыгын тартуу боюнча маселелерди көтөрүштү. Облус башчысы бул багытта атайын Ак-Сай өрөөнү үчүн техника алынганын жана жол мезгил-мезгили менен сүрүп, тегиздөө иштери жүрүп турарын белгиледи. Ошондой эле электр чубалгыларын тартуу боюнча иш алып барарын айтты.

Мындан сырткары Нурбек Сатаров туристтердин саны жыл сайын көбөйүп жатканын эске салып, кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Ал райондук жетекчилерге Кел-Суу аймагынын башкы планын даярдоо тапшырмасын берип, ал эми ишкерлерге унаа токтотуучу жайларды уюштуруу, айлананы ирээтке келтирүү, техникалык коопсуздукту сактоо жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү сыяктуу бир катар иштерди аткарууну тапшырды.