20 сентябрь 2023

Кароолор: 319

Кең-Суу айылына электр жарыгын жеткирүү иштери улантылууда

КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясын жеткирүү иштери улантылууда.

Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, учурда керектүү жабдууларын сатып алуу иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, Казакстандан 16,5 метрлик 9 электр мамычасы алынып келинет. Ал эми Бишкек шаарынан 11 метрлик 154 даана электр мамычалары жана 5 тоннадан ашык электр чубалгылары сатып алынууда.

Айтып кетчү нерсе, 21 түтүн эли бар аталган чакан айылда буга чейин электр жарыгы болгон эмес.

Бул маселе бир нече жолу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тарабынан коюлуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынган.

Иштин жүрүшү боюнча маалымат берилип тураарын билдиребиз.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.