28 декабрь 2024
Кароолор: 26
Кенже техникалык кызматкерлерге Жаңы жылга карата белектер тапшырылды

Жаңы жылдык майрамга карата КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов мекеменин кенже техникалык кызматкерлерине белектерин тапшырды. Алардын күнүмдүк иш аракетине ыраазычылык билдирип,кенже техникалык кызматкерлердин ар бир баласына жылуу сырт кийимдерди, бут кийимдерди жана таттууларды тапшырды.
«Сиздердин эмгегиңиздерди көрөбүз жана баалайбыз. Жаңы жылдын алдында мен сиздерди жана балдарыңызды куттуктап, кичинекей болсо дагы кубаныч тартуулагым келди. Үй бүлөңүздөр менен ден соолукта, бактылуу өмүр сүрүңүздөр», - деди А.Эргешов өзүнүн куттуктоосунда.
Белектер балдардын жаш курагына ылайыкталып тандалып, майрам алдында аларга кубаныч тартуулоо үчүн даярдалган.
Кызматкерлер облус башчысынын көңүл бөлүп, камкордук кылып жатканына ыраазычылык билдиришти. Бул бийликтин социалдык жоопкерчилиги жана коомдун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жарандарга болгон көңүл буруунун дагы бир мисалын айгинелейт.