14 апрель 2025
Кароолор: 13
КЕЗЕКТЕГИ ШЕМБИЛИКТЕ 43 ГА АЯНТКА ИЙНЕ ЖАЛБЫРАКТУУ, ЖАЗЫ ЖАЛБЫРАКТУУ КӨЧӨТТӨР ТИГИЛДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 12-апрелинде, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында ишембиликтер өттү.
Бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааты, жергиликтүү эл менен биргеликте көчөлөрдүн жээгин, мекемелердин айланасын, каналдарды тазалашты.
Бул ишембиликте 161,7 тонна таштанды жыйналды. Ошондой эле, 68 км ирригациялык каналдар тазаланды. Ал эми көрктөндүрүү жана жашылдалдандыруу иштери боюнча алганда 43,3 га аянтка 902 ийне жалбырактуу, 4313 жазы жалбырактуу көчөттөр тигилди.