22 июль 2024
Кароолор: 351
КМШ өлкөлөрундө биринчилерден болуп Нарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын шаарын Wi-Fi шаарга айландыруу максатында “Смарт - Нарын - 24” долбоору ишке кирип жатат.
Бул долбоордун арты менен КМШ өлкөлөрүндө биринчи болуп Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет.
Буюрса аталган долбоордун негизинде Нарын шаарындагы 20 жеткиликтүү чекиттерде элге акысыз Wi-Fi түйүндөрү таратылаары мерчемделүүдө.
Долбоор Борбордук Азия Университетинин жана Билайн компаниясынын колдоосу менен ишке ашууда.
Бүгүн, 22-июлда “Смарт - Нарын - 24” долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 тараптуу Меморандумга кол коюлду.
Кол коюу аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаардык мэриясынын, Борбордук Азия Университетинин жана “Скай мобайл” ачык акцинердик коомунун Нарындагы филиалынын өкүлдөрү катышты.
Долбоор үстүбүздөгү жылдын август айынын ичинде ишке киргизилээри күтүлүүдө.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.