06 сентябрь 2025
Кароолор: 13
КОЧКОР РАЙОНУНА 900 МИЛЛИОН СОМ БӨЛҮНӨТ

Кочкор районунун инфратүзүмүн жакшыртууга 900 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кочкор районуна болгон иш сапарында маалымдады.
Атайын кызматтын башчысы райондогу төрт ири обьектини жеринде көрдү.
Алардын катарында Кочкор райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имараты менен таанышты. Аталган жайдын имаратын жаңылоо үчүн төрт кабаттан турган эки имарат жана дарыгерлер үчүн атайын жатакана салынат. Бул үчүн 500 млн сом бөлүнөт.
Мындан сырткары Ормон-Хан стадионуна кошумча шарт түзүү үчүн 100 млн сом, жалпы аянты 5 гектарды түзгөн Ормон Хан сейил багын толук реконструкциялоого 100 млн сом каралат. Ал эми Кочкор райондук спорт мектебинин имараты заманбап спорт комплекси болуп жаңы курулат. Бул үчүн 200 млн сом пайдаланылат.
Камчыбек Ташиев жогорудагы обьектилердин долбоорун тез арада аткаруу тапшырмасын район жетекчилигине тапшырды.