28 июнь 2024
Кароолор: 206
Кочкор районунда ипотекалык турак-жайдын курулушу башталды

28-июнда Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 5 миң батирлүү турак жайдын курулушу башталды.
Мезгил кутучасын салуу аземине КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, КР Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Министрлер кабинетинин башчысы МИК программасы боюнча республика боюнча көп кабаттуу турак жайларды куруу кызуу жүрүп жатканын белгиледи.
«Республика боюнча 11 миңден ашык батирлер курулуп жатат, быйылкы жылдын аягына чейин 5 миңге жакын батир бүткөрүлөт. Биз Кыргызстандын ар бир жараны арзан баада турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аракет кылабыз», — деди Акылбек Жапаров.
Ал ошондой эле бир күн мурда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынга токтолду.
«Октябрь айынан баштап пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түзөт. Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га көтөрүлөт. Бир катар медициналык кызматкерлерге, атап айтканда педиатрларга жана хирургиялык анестезиологдорго кошумча акы төлөө системасы киргизилет. Мен Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭСтин курулушуна капсула салдым, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталат. Бир сөз менен айтканда, өлкө прогрессивдүү өнүгүү траекториясында ишенимдүү бара жатат, экономикадагы реформалар, салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнүн натыйжалары өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин толугу менен жакшыртууга мүмкүндүк берет», — деди Акылбек Жапаров.