13 июнь 2025
Кароолор: 12
КОЧКОР РАЙОНУНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 13-июнунда Кочкор айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарага облустук жана райондук жетекчилер, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда негизги максат — элдин көйгөйлөрүн жеринен угуп, аларды чечүү жолдорун талкуулоо болду.
Жолугушууда көмүрдү кайра иштетүү жолдору, бааларды жөнгө салуу, реабилитациялык борбордун жоктугу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусуна шарт түзүү, жолдордун абалы, асфальттоо жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү, жайыт бөлүштүрүү, талаш маселелерди мыйзам чегинде чечүү, бала бакча, базарлар, санитардык шарттар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу, айыл башчыларын дайындоо сунуштары айтылды.
Кайрылуулардын көпчүлүгү жеке маселелерди камтыды.
А.Эргешов өз сөзүндө Кочкор районунда бир катар долбоорлор башталып жатканын белгилеп, алардын ичинен жолдорду оңдоо, ипотекалык үйлөрдү куруу, Ормон-Хан паркы менен спорт комплекстерди куруу жана Кочкор айылынын келечекте шаар статусуна ээ болуусу тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринен эл менен тыгыз иш алып барууну талап кылды.