30 декабрь 2024
Кароолор: 41
Кочкор районундагы Кочкор-Коммунизм автожолунун 1,5 чакырым аралыгындагы көпүрө пайдаланууга берилди

Кочкор районундагы Кочкор-Коммунизм автожолунун 1,5 чакырым аралыгындагы көпүрө пайдаланууга берилди.
1970-жылы "Чу" суусуна курулган темир- бетон көпүрө оор жүк ташуучу унаалардын көбөйүшүнөн улам 2016-жылы ортоңку таянычтары чөгүп, балкалары ийилип авариялык абалга келгендиктен "Кыргызжолунаадолбоор" долбоорлоо жана изилдөө институту тарабынан жаңы көпүрө куруу муктаждыгы бар экени аныкталган. Аталган институт тарабынан сметалык баасы эсептелип, көпүрөнүн иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өткөн.
Курулуш иштери КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасына тиешелүү N1 жол куруу башкармалыгы аркылуу 51 млн сомго ишке ашырылды.