06 сентябрь 2025
Кароолор: 13
КОЧКОРДО АСКЕР КОМИССАРИАТТЫН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ АЧЫЛДЫ

Кочкор райондук аскер комиссариатынын жаңы имараты ачылды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ошондой эле Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов жана өздүк курам катышты. Мындан сырткары эмгек ардагерлери да чакырылган.
Мекеменин жаңы имаратын куруу долбоору республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 67 млн сомду түздү.
Курулуш 2023-жылдын декабрь айында башталган.
Имараттын курулушу менен андагы кызматкерлерге баардык ыңгайлуулуктар эске алынып, акыркы үлгүдөгү материалдык-техникалык база камтыды.