22 декабрь 2025
Кароолор: 62
КОЧКОРДО “ТЕҢИР-ТОО” ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУСУНУН КАРЖЫЛООСУНДА ЭТНО-КОМПЛЕКС АЧЫЛДЫ

22-декабрь күнү облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиеванын катышуусунда Кочкор районунда “Кочкор Ак боз үйү” этно-комплекси ачылды.
Бул долбоор “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы сметалык баасы 10 миллион сомду түздү.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, 2025-жылы Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы 75 социалдык-экономикалык долбоорлор каржыланган. Анын ичинен дал ушундай туризм тармагына багытталган 8 долбоор колдоого алынган.