08 июнь 2026
Кароолор: 12
КОЧКОРДОГУ КУРУЛУШ ИШТЕРИ ӨЗ НУГУНДА ЖҮРҮҮДӨ

8-июнь күнү ыйгарым укуктуу өкүл Кочкор районундагы бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Облус башчысы алгач жеке ишкер тарабынан жакынкы күндөрү ишке бериле турчу курулуш материалдарын чыгаруучу заводду көрдү. Андан соң жаңы салынып жаткан ички темир жол каттамынын Кочкор районунун аймагында жүрүп жаткан иштеринен кабар алды.
Мындан тышкары Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан турак жайдын курулушу жана жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүсү күтүлүп жаткан 500 орундуу И.Арабаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты каралды.