07 август 2025
Кароолор: 11
КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМДА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 7-августта дубан башчысы Нурбек Сатаров 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча коллегиялык отурум өткөрдү.
Облус боюнча 2025-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы менен 6 млрд 168,9 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 362,4 млн. сомго көбөйгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө тоо-кен казуу өнөр жайынын үлүшү 2025-жылдын январь-июнь айларында 25,8 %ды же 1 млрд 595,6 млн. сомду, кайра иштетүүнүкү 60,3% ды же 3 млрд 720,3 млн. сомду, электр энергиясын өндүрүү менен бөлүштүрүүнүкү 13,1%ды же 810,6 млн. сомду, суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү өнөр жайыныкы -0,6% ды же 42,2 млн. сомду түзгөндүгү боюнча маалыматтар берилди.
Жыйындын соңунда ыйгарым укуктуу өкүл социалдык-экономикалык багытта иштер аткарылганы менен дагы да кемчиликтер бар экенин айтып, аларды жоюу боюнча тапшырмаларды берди.