30 декабрь 2025
Кароолор: 31
КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

29-декабрь күнү укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Нарын облусунун координациялык кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлдү. Анда облустагы коомдук-саясий абал, аны курчутуп жаткан көйгөйлүү маселелер жана коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышы талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө тийиштүү мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматтары угулуп, талкуунун жыйынтыгы менен бир катар тапшырмалар берилди. Ошондой эле ишинде кемчиликтерге жол берген айрым жетекчилердин жоопкерчилиги каралды.