10 ноябрь 2023
Кароолор: 471
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 10-ноябрда Нарын шаарында кыргыздын белгилүү инсаны, Тенир Тоодон чыккан көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Кадыракун Базарбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлдү.
Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөрүлгөн эскерүү иш чарасына Кадыракун Базарбаевдин замандаштары, үзөңгүлөштөрү, эли-журту катышып, улуу инсанды эскеришти.
Иш чарада Кадыракун Базарбаевдин өмүр таржымалы театралдаштырылып көрсөтүлдү.
Эскерүү иш чарасында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоо катын окуп берди.
Өз сөзүндө Адыл Сапаров Кадыракун Базарбаевдин басып өткөн жолун сыймыктануу менен эскерип, анын чарбачылык, уюштуруучулук, саясий жетекчилик сапаттары элинин эсинде түбөлүк сакталып, кийинки муунга өрнөк болоорун белгиледи.
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, Кадыракун Базарбаев Нарын районунун Куйбышев айылында туулган. Эмгек жолун ошол кездеги Тянь-Шань облусунун Нарын районундагы Жаңы-Талап колхозунда ветеринариялык тейлөө пунктунун башчысы болуп иштөө менен баштаган Кадыракун
Базарбаев Куйбышев колхозунда башкарманын төрагасы, Нарын райкомунун биринчи катчысы, партиянын Ош обкомунун айыл чарба бөлүмүнун башчысы, Кочкор, Совет, Талас райкомдорунун биринчи катчысы, Министрлер Советинин президиумунун агроөнөржай комплекси боюнча төрагасынын орун басары, айыл чарба министринин орун басары болуп көп жылдар үзурлүү кызмат кылган.
Кыргызстандын ветеринардык кызматчыларынын 1-сьездинде республиканын ветеринардык ассоциациясынын Президенти болуп шайланган.
Нарын облусунун аймагындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун туңгуч жетекчиси болгон.
Кадыракун Исмаилович Ошто иштеп жүргөн мезгилинде айыл чарба тармагынын эң маанилүү бөлүгү болгон пахтачылыкты, жибекчиликти, дыйканчылыкты алдыга алып чыккан.
Эл чарба өндүрүшүнө кошкон зор салымы үчүн Кадыракун Базарбаев СССРдин Ленин, “Ардак белгиси” ордендери, алтын медаль жана Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 7-8-9-10- чакырылыштарына депутат болуп, Кыргызстан Компартиясынын 15-16-17-сьезддерине борбордук комитеттин мүчөсү болуп шайлаган. СССРдин КП БКнын Москва шаарында өткөн 24-сьездинин делегаты болгон.
Кадыракун Базарбаевдин басып өткөн өмүр жолу кийинки муундарга, айрыкча мамлекеттик кызматкерлерге үлгү. Бул инсан ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы Нарын облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп 7 жыл иштеп, коомго, жаш муундарды тарбиялоого зор салымын кошуп келген. Анын жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.