21 апрель 2025

Кароолор: 47

КР ПРЕЗИДЕНТИНИН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ АЛТЫНБЕК ЭРГЕШОВ ФРАНЦИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ НИКОЛЯ ФАЙДЫ КАБЫЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файды кабыл алды.

Элчи мырза Нарын облусуна экинчи жолу келип жатканын белгилеп, аймактын өнүгүүсүнө кызыгуу менен байкоо салып жатканын айтты. Ал Нарын облусун өлкөнүн “жүрөгү” деп атап, кооз табияты жана агрардык мүмкүнчүлүктөрү чоң экенин баса белгиледи. Ошондой эле, аймакта француз тилин үйрөнүүнү өнүктүрүү боюнча сунушун билдирди.

Сапардын алкагында элчи Нарын мамлекеттик университети жана Салымбеков университети менен таанышып, студенттик алмашуу программаларын ишке ашыруу жана кыргызстандык абитуриенттерге Франциядагы жогорку окуу жайларына тапшырууга мүмкүнчүлүк берүү маселелерин маалымдады.

Маданият жана туризм багытындагы кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулду. Николя Фай Бишкек шаарында өткөрүлгөн Франкофония күндөрү тууралуу маалымат берип, мындай иш-чараларды Нарында да өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Анын ичинде француз кино жумалыгы, окуучулар арасында тажрыйба алмашуу, Лувр тууралуу конференция жана башка демилгелер бар.

А.Эргешов элчини жылуу тосуп алып, Францияга, анын маданиятына, адабиятына жана тарыхына болгон терең урмат-сыйын билдирди. Ал жаш кезинде француз адабиятын көп окуганын, Франциянын Европадагы бирден бир экономикасы өнүккөн өлкө экенин белгилеп өттү. Ошондой эле, жолугушуулар менен эле чектелип калбай, практикалык кызматташууга даяр экенин айтты. Кыргызстандык жана франциялык мектептер арасында билим алмашуусун, кыргыздын улуттук жашоо-турмушу жана жаратылыш кооздуктарын көрсөтүү, салт болуп калган улуттук каада-салттарды чагылдырган фестивалга чакырды. Ошондой эле, атактуу француз ашканасына арналган кулинардык мастер-класстарды уюштурууну сунуштады.

Облус башчысынын айтымында, 2024-жылы Нарын облусуна келген чет элдик туристтердин ичинен басымдуу бөлүгүн франциялыктар түзгөнүн, Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин ичинен саны боюнча экинчи орунду ээлегендигин айтты. Аймак табиятынын кайталангыс кооздугу менен эл аралык туризмдеги потенциалын тастыктайт.

Элчи А.Эргешовду жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Нарынга кыска убакыттын ичинде эки ирет келгенин жана кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты. Ал региондордо, борбор калаадан тышкары да, маданий жана билим берүү байланыштарын өнүктүрүү маанилүү экенин белгилеп өттү. Элчи ошондой эле Нарындагы жаратылыштык таза продуктыларды француз кулинардык ыкмалары менен айкалыштырып, эки элдин өзгөчөлүктөрүн чагылдырган даамдарды жаратууга болорун айтты.