25 июнь 2025

Кароолор: 45

К.ТАШИЕВ НАРЫН ОБЛУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН КОШУМЧА КАРАЖАТТАР БӨЛҮНӨРҮН АЙТТЫ

Бүгүн 2025-жылдын 25-июнунда, КР Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында облус, район, шаар жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Анда Нарын облусу боюнча буга чейин мамлекет тарабынган бөлүнгөн 9,4 млрд каражатка курулуштар жүрүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нарын облусунун борбору болгон Нарын шаарынын өнүгүшүнө 807 млн сом  бөлүп бергенин маалымдады. Жергиликтүү жетекчилердин кайрылууларын угуп, аталган суммадан тышкары Нарын шаарына 10 автобус, 5 таштанды жыйноочу техникага жана “Жээк аллеясынын” эки тарабынын курулушун  жүргузүү үчүн жалпы 250 млн сом бөлүнүп берилерин айтты. Ошондой эле  облуста эң көйгөйлүү болгон жол маселесин чечип берүү үчүн Транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаевден быйыл облуста планга кирген жолдорду оңдоону 100% бүтүрүп берүүсүн талап кылды. Министр 197 км жолду күз аларына чейин бүткөрөрүн убадалады.

Ошондой эле, 2 жыл мурда курулушу башталган Нарын шаарынын РТС аймагындагы ипотекалык турак жайдын, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 747 млн сом эчак бөлүнүп берилгени менен, курулуш жай жүрүп жатканын сындады. Президенттин иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев 9 кабаттуу 216 батирдик ипотекалык турак жайдын курулушу 3 ай аралыгында бүтөрүн маалымдады. 

Ал эми акимдер, айыл өкмөттөр, “Салкын-Төр” жаратылыш паркынын башчысы дагы  акча каражатынын тартыштыгынан улам жергиликтүү деңгээлде чечилбей жаткан көйгөйлөрүн айтышты. Анын негизинде К.Ташиев Ак-Талаа жана Жумгал райондоруна калкты тейлөө кызматына жаңы имараттар, Ат-Башы менен Ак-Талаа райондорунун борборлоруна заманбап спорт комплекстери кийинки жылда салынарын убадалады. “Салкын-Төр” жаратылыш паркынын жолун оңдоону Транспорт министрлигине тапшырып, анда быйыл даярдоо иштерин аткарып, 2026-жылы толугу менен асфальтоо жүргүзүлмөкчү. Ал эми ичиндеги инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн генерал 30 млн сом берилерин белгиледи.

Нарын районунун 7 айыл өкмөтүнө 70 млн сом бөлүнөт, ал каражатка техникалар алынат. Жумгал районунун Жумгал айыл аймагына караштуу Чоң-Дөбө айылынын таза суу системасына керектелүүчү 55 млн сомду дагы чечилерин айтты. 

Врачтардын жетишсиздигин чечүү максактында жаңы келген врачтарга жашоо шартын түзүп берүү үчүн турак жай менен камсыздоо керектигин айткан акимдердин суранычын четке какпай, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы К.Туманбаевге Ак Талаа районуна 10 врачка жана  Кочкор районуна дагы 10 врач ылайык ипотекалык үйдөн батирлерди оорукананын балансына өткөрүп берүүнү тапшырды.

К.Ташиев ар бир иште сапатты талап кыларын жана бөлүнүп жаткан каражаттар тыкыр көзөлгө алынарын белгилеп,  тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлбөсө кызматкерлердин жоопкерчиги караларын эскертти.