23 сентябрь 2025

Кароолор: 29

“КУЛАНАК” ГЭСИНИН КУРУЛУШУ ГРАФИККЕ ЫЛАЙЫК ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, 23-сентябрда облус башчысы Нурбек Сатаров “Куланак” ГЭСинин курулушун ишке ашырып жаткан жергиликтүү инвестор Кутубай Мурзабаев менен жолугушуп, долбоордун жүрүшүн талкуулашты.

Учурда кубаттуулугу 100 МВт болгон “Куланак” ГЭСинин курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Объектте 200гө жакын техника жана 800дөн ашуун жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин бул аймакта канал куруу пландалган. Бирок анын ордуна “Куланак” ГЭСин куруу чечими кабыл алынып, натыйжада 1,4 млрд сом каражат үнөмдөлдү. Мындан тышкары, аталган гидроэлектростанция ирригациялык мааниге да ээ болуп, кошумча 2 100 гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.