26 декабрь 2025
Кароолор: 29
КУРУЛТАЙДА КӨТӨРҮЛГӨН МАСЕЛЕЛЕР ДАРОО АТКАРУУГА АЛЫНУУДА

25-26-декабрь күндөрү болуп өткөн IV элдик курултайга 700 делегат катышып, алардын ичинен 150сү сөз сүйлөдү. Ал эми Нарын облусунан барган 43 делегаттын 9у сөз сүйлөп, жалпы 44 ар түрдүү тармактарды камтыган маселелерди айтышты.
Курултайдын жүрүшүндө өлкө башчысы Садыр Жапаров бардык айтылган маселелерди жеке көзөмөлүнө алып, ар бирин тизмектеп жазып алып тиешелүү мамлекеттик органдарга дароо тапшырмаларды берип, ишке ашыруу боюнча ыкчам иштөөнү тапшырды.
Мындан тышкары, курултайга катышуучулар тарабынан жазуу жүзүндө да сунуштар жана тапшырмалар берилген. Алар өзүнчө иш-чаралар планынын негизинде каралып, этап-этабы менен аткарууга алынмакчы.