23 январь 2025
Кароолор: 63
Курулуштардын сапатына көзөмөл күчөтүлөт

Мамкурулуш тарабынан курулуш компаниялардын кара тизмеси даярдалган. Нарын боюнча кара тизмеге кирген курулуш компаниялары азырынча жок, бирок кандидаттар бар.
Мындай маалыматты Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов бүгүн, 2025-жылдын 23-январында, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыйынында айтты.
Ал жыйынга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов, УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Атажанов, Нарын облусунун прокурору Абдрашит Кубатидинов, техникалык көзөмөл кызматынын, курулуш ишканаларынын өкүлдөрү катышты.
Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын директору Давид Курманов 2024-жылы пайдаланууга берилген жана 2025-жылга пландалган курулуштар боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, өткөн жылда облус боюнча республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар беренеси менен 5 мектеп, 1 музыкалык мектептин кошумча имараты, 1 бала бакча, 1 имарат, 1 ашкана болуп жалпы 11 объект бүткөрүлдү. Андан тышкары, стимгранттын эсебинен 5 футбол аянтчасы пайдаланууга берилген. Ал эми 2025-жылга 19 объекттин курулушу пландалууда.
А.Эргешов өлкө башчысы тарабынан талап катуу коюлганын айтып, иштөө принциптери өзгөргөнүн айтты. Ар бир курулушка жоопкерчиликтүү кароого жана милдеттерин так аткарууга чакырды. Ошондой эле, эл үчүн жасалып жаткан иштер эл көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.
“Өз үйүңүздөргө кандай жакшы мамиле кылсаңыздар, башка имараттардын курулушуна дагы ошондой мамиле кылыңыздар. Курулушка керектүү ар бир продукциянын сапатын текшерип, узак мөөнөткө кызмат кылгыдай, көрктүү, тыкан жасаңыздар. Орто жана кичи ишкерликти колдойбуз, бирок ишинин сапатын дагы талап кылабыз,” – деп дубан башчы курулушчуларга кайрылды.
Ал эми Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору И.Момоконов курулуштун көпчүлүгү 2022-жылы, 2023-жылы башталган объектилер экенин белгилеп, кээ бири 2015, 2017-жылы башталып, курулушу жай жүрүп жаткандыгын айтты. Ошондой эле, одоно ката кетирген курулуш компаниялары лицензиясынан дагы кол жууп калышы ыктымал экенин эскертти.