30 май 2025

Кароолор: 11

КЫРГЫЗ-ОРУС СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА НАРЫН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЫЗМАТТАШТЫК ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮШТУ

2025-жылдын 30-майында Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) жана Нарын мамлекеттик университети (НМУ) өз ара кызматташтык тууралуу меморандумуна кол коюлду. Салтанаттуу кол коюу аземине Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Масловдун жана делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү.

Документке КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков жана Нарын мамлекеттик университетинин ректору Тилек Исабеков кол коюшту. Макулдашууга ылайык, билим берүү, илим жана маданият тармактарында активдүү кызматташтык жүргүзүлөт. Бул кызматташтык мугалимдер менен студенттерди алмашууну, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана маданий долбоорлорду камтыйт.

Аны менен катар иш сапардын алкагында НМУда «Русский мир» фондунун орус тили кабинети ачылуусу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Кабинеттин ачылышынын максаты — бул аймакта орус тилин үйрөнүүнү колдоо жана өнүктүрүү. Мындан тышкары, делегация Россотрудничествонун университет фондуна өткөрүп берген «Согуштун жылнамасы» аттуу Жеңиш музейинин көргөзмөсүн көрүп чыкты. Бул көргөзмө Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына арналган жана билим берүү менен тарбиялоо иштеринде маанилүү курал болуп саналат.

Университетке болгон иш сапардын соңунда НМУдагы орус тилин үйрөнүүнү колдоо борборуна белектерди тапшыруу аземи болуп өттү. "Русский мир" фондунун өкүлү Николай Сергейчев буга чейин китеп жана техникалык жабдыктар менен камсыздап бергенин жана алдыда дагы кызматташуу уландардын билдирди. Ал эми "Бишкек Солар" ЖЧКсынын директору Михаил Федько (ООО «Юнигрин Энерджи») жалпы баасы 770 миң сомдон ашык баадагы 20 ноутбук жана лазердик принтер белек берди.