02 апрель 2025

Кароолор: 21

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ КАНЫБЕК ТУМАНБАЕВ НАРЫН ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 2-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Нарын облусуна иш сапары менен келди.

Иш сапардын алкагында Нарын шаарында ишке ашырылып жаткан “Нарын-реновация” долбоору тааныштырылды. Нарын облусунун борбору боргон Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, турак-жай, мекемелердин көрүнүшүн  заманбап жакшыртылышына багытталган долбоор КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен түзүлгөн. “Нарын-реновация” долбооруна панорамалык көрүнүштү тартуулай турган айланма,  музей, китепкана, маданият бөлүмдөрү, телевидениенин башын бириктирген Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун (ЦИКИ) имараты, жаңы автовокзалдын, балдар оюн-зоок борборунун, айнек-асма көпүрөнүн долбоорлоору  кирет. Андан сырткары заманбап, бардык шарты бар коомдук мончонун долбоору тааныштырылды. 

Облус башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу долбоорду тааныштырууда ар бир объектинин өзгөчөлүгүнө токтолду долбоорду ишке ашырууга 4 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын айтты. Анын айтымында учурда 2 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн “Тянь-Шань сити” турак-жай комплекси, мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору 2 жыл аралыгында бүткөрүлөт; панорамалык көрүнүштү тартуулай турган айланмага каражат табылып үстүбүздөгү жылдын күз айларына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Ал эми “Нарын-реновациясынын” башка компоненттерине кошумча каражат талап кылынып жаткандыгына байланыштуу облус башчысы Алтынбек Эргешов тарабынан КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонуп, өлкө башчысынан 1 млрд сом бөлүп берүү суралган. Президенттин тапшырмасына ылайык, берилүүчү каражат жеткиликтүү болобу, долбоорлор калкка керектүүбү, өзүн актайбы деген суроолорго жооп алуу үчүн  долбоорлорду жеринде көрүү максатында Каныбек Туманбаев Нарын шаарына келгенин маалымдады. Ал долбоорлор боюнча ишке ашырылчу  объектилерди, жер тилкелерин жеринде көрүп чыгып, бул боюнча маалыматты КР Президенти С.Жапаровго жеткирип, толуктоолор менен чечим кабыл алынарын жана дагы бир ирет Нарынга иш сапар болорун билдирди.  

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын шаарынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бөлүп жаткандыгы үчүн КР Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, Нарын шаарында ушул жыл ичинде жагымдуу өзгөрүүлөр болоруна ишеними зор экенин айтты.