15 март 2025

Кароолор: 33

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ ЭДИЛ БАЙСАЛОВ НАРЫН ШААРЫНДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ

Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин орун басары Эдил Байсалов Нарын шаарына болгон иш сапарында бир катар социалдык объектилер менен таанышып чыкты.

Иш сапарынын алкагында Э.Байсалов жаңы мектептин курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинде болду. Бул 1224 орундуу мектеп Россия Федерациясынын каржылоосу менен 6 жылда курулушу бүткөрүлөт. Жергиликтүү бийлик бардык коюлган талаптарды аткаруу  боюнча иштерди жүргүзүүдө. Аталган долбоор аймактын билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуп, балдарга сапаттуу билим берүү шарттарын түзөт.

Андан соң, өкмөт мүчөсү Нарын облустук бириктирилген ооруканасына барып, гемодиализ бөлүмү жана төрөт бөлүмү менен таанышты. Бейтаптардын дары-дармек менен камсыз болуусу жана түзүлгөн шарттарынан кабар алды. Оорукана жетекчилигинин маалымат боюнча гемодиализ Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда иштеп жатат. Кыргызстан боюнча шарты туура келген мамлекеттик гемодиализ бөлүмү Караколдо жана Нарын шаарында гана бар. 

Ал эми өткөн жылы төрөт үйүндө капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Төрөт үйү 1998-жылдан бери капиталдык ремонт жүргүзүлбөгөндүктөн чатырынан суу агып, канализация жана суу түтүктөрү чирип, бейтаптарга жана медкызматкерлерге ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Көйгөйлөрдү чечүү максатында НОБО тарабынан сунушталган долбоор “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан колдоого алынып, 2023-жылы 2 млн 700 миң сомго корпустун чатыры, суу чогултуучу түтүктөрү оңдолгон. 2024-жылы канализация, суу түтүктөрү, электр системасы жана 2-3-кабаттары 13 млн 498 миң 504 сомго капиталдык  ремонттон өткөн.  Быйыл сырткы фасады, тосмо, 1-кабаты ремонттолот.  

Э.Байсалов ошондой эле «Ак дил» балдар бакчасына барып, жаңы окуу ыкмалары жана мектепке даярдыгы менен таанышып чыкты. Балдардын  жөндөмдүүлүгүн көрүү үчүн жогорку тайпанын тарбиялануучулары менен баарлашып, балдар бакчасында колдонулуп жаткан заманбап билим берүү технологиялары, балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн түзүлгөн шартын көрдү. 

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары иш сапары учурунда өлкө жетекчилигинин ар бир социалдык объектилердин инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана аймактын тургундары үчүн жакшы шарттарды түзүүгө көңүл буруп жатканын белгиледи.