19 июль 2025
Кароолор: 9
КЫРГЫЗДЫН БАБА САЛТЫН, ЭНЕ АДЕБИН ДАҢАЗАЛАГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ

Бүгүн, 19-июлда Нарын районунун Кайыңды жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгынын алкагында"Баба салты, эне адеби" аталышындагы этно фестивалы болуп өттү.
Фестивалдын алкагында Кыргыз элинин үрп- адаты, каада-салты көрсөтүлүп, улуттук оюндары ойнолуп, тамак аш, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулду.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева кыргыз эли салттары, маданияты менен тарбияланып келгенин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында өнөр адамдары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып анда унутта калып бара жаткан жөрөлгөлөр сахналаштырылып көргөзүлдү.