04 июнь 2025

Кароолор: 59

КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫЛАРДАН БОЛУП НАРЫНДА УҢГУЖОЛ БОЮНЧА ФОРУМ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫНЫН КАТЫШУУСУНДА ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда биринчи болуп Нарында жарлыкка арналган форум өткөрүлдү.

2025-жылдын 4-июнунда Нарын шаарындагы М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өткөн “Бир максат, бир багыт — Президенттик Уңгужол жана аялдардын биримдиги” аттуу форум Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун катышуусунда алгачкы жолу өтүп жатат. Ошондой эле форумга Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев жана коомдук ишмерлер, облустун эмгек алдыңкылары, активист айымдар катышты.

Форумдун модератору — Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев болду.

Алгач форумдун катышуучулары театрдын фойэсинде жайгашкан кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, кыргыздын жашоосун чагылдырган көргөзмөлөр менен таанышып, өнөр ээлери менен баарлашты.

Андан соң форумду Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов ачып, бүгүнкү дүйнө тынбай өзгөрүп жатканын: геосаясий кырдаалдар, социалдык чакырыктар, идеологиялык басымдар — мунун баары элдин ички туруктуулугун, өзөгүн, улуттук наркын сактоону талап кыларын белгиледи.  Мындай шартта уңгужол элдин руханий иммунитетин бекемдөөчү, коомдун биримдигин сактоочу, мамлекеттин өнүгүүсүнө багыт берүүчү маанилүү таяныч болуп саналаарын айтты.

 «Бүгүнкү форум — Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган иш-чаралардын бири. Бул демилге — улуттук биримдикти, мамлекеттүүлүктү жана руханий баалуулуктарды чыңдоого багытталган. Экономикалык өнүгүү руханий байлык менен айкалышканда гана туруктуу болот,» - деп облус башчысы кийинки сөздү мамлекеттик катчыга узатты.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов өз сөзүндө Кыргызстандын бай тарыхына, мамлекеттүүлүккө салым кошкон инсандардын эмгектерин атап өтүп, мамлекеттин өнүгүүсүн, акыркы жылдардагы экономикалык өсүштү, мекендин бүтүндүгүн, тынчтыгын сактоо үчүн коргоо жаатында атайын техникалар менен камсыздалып жатканын белгиледи. Ал эми таалим-тарбия, билим берүү тармактарын колго алып Президенттин ырааттуу саясатынын негизинде Кыргызстандын ар бир жараны биримдикте, ынтымакта бирге өнүгүүгө карай багыт алып жатканын билдирди. Ал эми кыргызстандык жазуучуларга кайрылып, элибиздин түпкүлүгүн таанып билүүсүн, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү максатында “Менин Кыргызстаным” аттуу китеп жазып, агартуучулукту колго алуу зарыл экенин айтты. 

Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев салттуулук менен модернизациянын айкалышын белгилеп, президенттин уңгужол доктринасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эми сөзүнүн аягында тарыхый инсан Жусуп Абдрахмановдун цитатасын айтып өттү: “...Биздин улуттун аты тарыхта чоң тамгалар менен жазылып калууга татыктуу!”

Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Октябрь Капалбаев билимден биринчи таалим-тарбия маанилүү экенин айтып, үй-бүлө баалулуктарын сактоо, ата – улук, эне – ыйык экенин белгиледи. «Биз идеологиянын көптүгүнөн куурадык. Эми биз биримдикке, адилеттүүлүккө жана улуттук баалуулуктарга таянган Уңгужолго кайтып жатабыз. Бул — бекем мамлекеттин пайдубалы».

Форумдун алкагында панелдик талкуу уюштурулуп, ага коомдук ишмерлер, аялдардын лидерлери жана эксперттер катышты, алардын катарында:

Дамира Ниязалиева — Кыргызстандын Аялдар кеңешинин төрайымы;

Нуржан Тентимишова — “Акун” ЖАК башкы директору, Чыныбай Турсунбеков фондунун жетекчиси;

Бурулкан Төлөгөнова — Нарын облусунун Ардактуу атуулу, Маданияттын мыкты кызматкери;

Чолпон Шабдыраева — Билим берүүнүн отличниги, ишкер айым;

Асыл Абдылдаева - ийгиликтүү мугалим;

Ырыс Мөндүрбаева — облустук аялдар кеңешинин төрайымы;

Урмат Токтожумаев — Тогуз-Торо районунан келген конок;

Садыркул Нурмамбетов — Нарын районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы.

Форумдун демилгечиси Нарын облусунун Ардактуу атуулу Бактыгүл Жумабаева катышуучуларга, уюштуруу иштерин алып барган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Дискуссияда аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу орду, улуттук тарбия, саламаттыкты сактоо жана жарандык жоопкерчилик темалары көтөрүлдү.

Форумду жыйынтыктап Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов мындай деди: «Экономикалык өнүгүү коомдогу ынтымак менен келет. Ынтымак үй-бүлөдөн башталат. Аялдардын биримдиги — бул коомдун пайдубалы. Бүгүн айтылган ойлорду иш жүзүнө ашыруу — жалпыбыздын милдетибиз».