16 июль 2024
Кароолор: 233
Кышка даярдык боюнча облустук штабдын көчмө жыйыны өткөрүлүп, милдеттер белгиленди

Нарын облусунун экономика тармагын жана калкын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кара-Кече көмүр кесиминде облустук штабдын көчмө жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынды КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, облустук штабдын төрагасы Адыл Сапаров алып барды.
Штабдын отурумуна райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, тиешелүү мекеме жетекчилери, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече”, “Миң-Куш” филиалдарынын директорлору, көмүр ишканаларынын жетекчилери, КР Соода-өнөр-жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү, айыл өкмөт башчылары катышты.
Отурумда алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык иштерин мөөнөтүнөн кечиктирбей, сапаттуу жүргүзүү боюнча милдеттер белгиленди.
Нарын электр тармактар ишканасына электр энергиясынын лимитин сактоо, көмүр ишканаларын электр энергиясы менен үзгүлтүсүз камсыз кылуу, пландалган оңдоо иштерин сапаттуу аткаруу;
“Кыргызкөмүр”, “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканаларына сапаттуу көмүр отуну менен камсыздоо, райондор менен көмур отунун сатып алуу келишимдерин түзүү;
райондук мамлекеттик администрацияларга, Нарын шаардык мэриясына 2024-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө бюджеттик мекемелерге керектелүүчү көмүр отунун тартып жеткирүү жумуштарын бүткөрүү, көмүр кампаларын ачуу, отканалардын жана мекемелердин даярдыгын 25-августка чейин буткөрүү, көмүр отунун негизсиз кымбаттатууга жол бербөө ж.б;
Нарын облустук ички иштер башкармалыгына көмүр өндурүлгөн участоктордо, тараза-көзөмөл постторунда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу;
Жол тейлөө башкармалыгына көмүр кесимдерге барчу жолдордун, көпүрөлөрдүн оң абалда болуусун камсыз кылуу;
Монополоияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнө көмүр отунунун баасынын кескин жогорулашына жол бербөө, баа жогорулап кетсе мыйзам чегинде чара көрүү;
бюджеттик мекемелерге 2024-жылдын 15-июлуна чейин көмүр отунуна мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү менен келишимдерди түзүү;
Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесине көмүр отунун убагында тартып келип, отканалардын, жылуулук тутүктөрүнүн оңдоо иштерин сапаттуу буткөрүү, пландалган обьектилерди көмүргө өткөрүү боюнча иштерди тездетүү сыяктуу кечиктирилгис милдеттер тапшырылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.