29 март 2024

Кароолор: 12

Кытай инвесторлору Нарынга инвестиция салууга кызыкдар

29-мартта Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кытай инвесторлорун кабыл алды.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууга айыл чарбасы, кайра иштетүү, кампалоо, курулуш, энергетика тармактарында ишмердүүлүк кылган жана кездеме, эмеректерди өндүргөн, пластикалык трубаларды чыгарган компаниялардын өкүлдөрү келип, ушул тармактарда инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов инвесторлорду жылуу кабыл алып, "Нарын эркин экономикалык аймагынын" мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Инвестиция салууга кызыккан ишкерлерге бардык шарттар түзүлүп берилээрин, бийлик менен инвестордун ортосунда эч кандай ортомчу болбой турганын белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кытай инвесторлору Нарынга өздөрүнүн тармактары боюнча ишканаларды ачууга, ал аркылуу дуйнөлук рынокко чыгууга кызыкдар экенин билдиришти. Бул багыттагы иштер жумушчу тартибинде улантылмакчы.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.