25 май 2026
Кароолор: 9
КЫТАЙДАН АТЧАН КЕЛЕ ЖАТКАН КЫЗЫЛ-СУУЛУК КЫЗДАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

25-май күнү Кытай Эл Республикасынан тарыхый мекенине атчан сапар менен келе жаткан этникалык кыргыз кыздар Риза Дүйшөн кызы менен Гүлсанат Бейшен кызы мамлекеттик кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына кирип келишти.
Аларды Ат-Башы районунан салтанаттуу тосуп алуу аземи уюштурулуп, иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Тосуп алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпон Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскараалы Мадаминов, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө тарыхый мекенге болгон урмат-сый, улуттук баалуулуктар жана кыргыз элинин биримдиги даңазаланып, келген меймандарга кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү.