09 апрель 2026

Кароолор: 15

КЫТАЙ–КЫРГЫЗСТАН–ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУНУН КУРУЛУШУ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

9-апрель күнү облус башчысы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу долбоорунун курулушунун экинчи жылына карата тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, адистери жана подрядчы компаниянын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Жыйында курулуш иштеринин жүрүшү, коопсуздук чаралары, мыйзамдуулукту сактоо, жергиликтүү жарандар менен өз ара аракеттенүү өңдүү маанилүү багыттар талкууланды. Ошондой эле долбоорду мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу үчүн бардык кызматтардын ортосундагы координацияны күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Облус башчысы ири масштабдагы бул курулуш өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ар бир этапта коопсуздук жана мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.