16 июнь 2026

Кароолор: 13

“КЫЯЛЫМДАГЫ КЫРГЫЗСТАН: НАРЫН – 2026” ЖАШТАР ФОРУМУНУН РАСМИЙ БӨЛҮГҮ БОЛУП ӨТТҮ

16-июнь күнү “Кыялымдагы Кыргызстан: Нарын – 2026” жаштар форумунун официалдуу бөлүгүнө ыйгарым укуктуу өкүл катышып, жалпы катышуучуларды куттуктап, жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү ордуна токтолду. Ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоого, алардын билим алуусуна, ишкердик жана лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштер мындан ары да улантыларын белгилеп, форумдун расмий ачылышын жарыялады.

Эске салып өтсөк, бул жаштар форуму 14–16-июнь күндөрү Нарын шаарында өтүп, өлкөнүн бардык аймактарынан келген 5000ден ашуун жаштарды бириктирди. Үч күндүн ичинде билим берүү, лидерлик, ишкердик, инновация жана жаштар демилгелери боюнча талкуулар уюштурулуп, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашышты.