03 октябрь 2023
Кароолор: 314
Маараке майрамдык концерт жана фейерверк менен жыйынтыкталды

Нарын облусунун Кочкор районунда республикалык деңгээлде өткөрүлгөн Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси кечкисин Мавлутбек Садыков атындагы стадиондо майрамдык концерт менен улантылды.
Майрамдык иш чаранын кечки бөлүгүндө Кочкор районунун элин жана меймандарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров куттуктады.
Белгилүү эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт мааракени көркүнө чыгарып, майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.