03 октябрь 2023

Кароолор: 312

Мааракеден кийинки тазалоо иштери жүрүп жатат

“Той болот, тойдун эртеси да болот” дегендей, маараке өткөрүлгөн аймактарды ирээтке келтирүү иши дагы чоң жоопкерчилик.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун тапшырмасы менен Кочкор районундагы паркты, стадионду, ат оюндар өткөрүлгөн аймактарды ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштерге 100дөн ашык ыктыярчылар, “Жаштар демилгеси” жаштар уюмунун мүчөлөрү жана Кочкор тазалык ишканасы тартылып, азыркыга чейин 15 тонна таштанды чыгарылды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.