03 октябрь 2023

Кароолор: 344

Мааракенин арты менен Кочкор районунун инфратүзүмү жакшыртылды

Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесинин алкагында Кочкор районунун инфраструктурасы үчүн маанилүү болгон обьектилер жасалды.

“Ормон Хан” ордосу курулуп, 13 гектарды түзгөн “Ормон Хан” сейил багы реконструкцияланды. Ошондой эле М.Садыков атындагы стадион капиталдык ремонттон өттү.

“Ормон Хан” ордосун куруу үчүн Семиз-Бел айылынан 1 гектар жер трансформацияланып, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 миллион сом каралган. Бөлүнгөн акча каражатына Кочкор айыл өкмөтү тарабынан тендер жарыяланып, “Имарат строй” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуш иши жүргүзүлгөн. Ордодо Кыргыз Республикасынын Туусу орнотулуп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги тургузулду. Жарыктандыруу, брусчатка төшөө, газон жаткыруу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Ордонун жумуштарына "Имарат строй" курулуш ишканасынын жетекчиси Данияр Иманалиев өзү дагы салымын кошту. Бул жер мындан ары дагы кеңейтилип, туристтер эс алуучу жайлар курулуп, Нарын облусунун дарбазасы болоору күтүлүүдө.

Ал эми “Ормон Хан” сейил багы 2013-жылы муниципалдык сейил бак катары каттоодон өткөн. Жалпы аянты 13 гектарды түзөт.

Тарыхый инсан Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата сейил бакты оңдоп-түздөө иштерине 36 миллион 845 миң 868 сом акча каражаты республикалык бюджеттен каржыланып, “Бейшенбай курулуш” ЖЧКсы тарабынан капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Ошондой эле “Ормон-Хан” паркынын ичинде 3 гектар жер аянтын ээлеген Мавлутбек Садыков атындагы стадион жайгашкан. Стадион 1988-жылы салына баштаган. Ошол учурдагы кайра куруу мезгилине туш келгендиктен стадион толук бүткөрүлбөй пайдаланууга берилген. Мааракенин алкагында аталган стадион республикалык бюджеттин эсебинен 18 млн 217 миң 700 сом сомго капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, мааракеге катышкан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аталган стадионду заманбап реконструкциялоого жана парктын ирригация системасын жакшыртууга каражат бөлүп берээрин убада кылды. Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов стадиондун долбоорун тез арада даяр кылууну тиешелүү кызматкерлерге тапшырды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.