08 июль 2025
Кароолор: 7
МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АР БИР АЙЫЛГА КОНЦЕРТ КОЮП ЖАНА КИНО ТАСМАЛАР КӨРСӨТҮЛӨТ

2025-жылдын 7-июлунда, КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары жана облустук, райондук, шаардык маданият бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
Анда, ар бир район маданият тармагындагы аткарылган иштери боюнча маалымат берип, көйгөйлөр, сунуштар айтылды.
Маданият тармагына шарттарды түзүү, айылдагы клубдарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча долбоорлорлу даярдап, айылдык бюджеттен, өнүктүрүү фонддор аркылуу аракеттерди көрүлүүсү керектиги сунушталды.
А.Иманалиева бүгүнкү күнү айыл аймакта элдин маданий өсүүгө суусап турганын айтып, элди маданиятка сугаруу максатында маланият бөлүмдөрүнө атайын концерттик программаларды даярдап, ар бир айыл аймактарга кезек менен кыдырып, элге акысыз тартуулоону тапшырды. Ошондой эле кино дирекцияларга элдин шартын эске алуу менен эң төмөн баада тарбиялык мааниси бар кинолорду коюуп берүү керектигин билдирди.