06 ноябрь 2025

Кароолор: 16

МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

6-ноябрь күнү Нарында Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Иш-чарага Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, маданият тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, маданият өкүлдөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.