16 май 2025
Кароолор: 20
МАЛДЫН АСЫЛДУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУ ИШТЕРИ НАРЫН ОБЛУСУНАН СТАРТ АЛАТ

Мындай маалыматты, бүгүн, 2025-жылдын 16-майында, Нарын шаарында "Мал чарбасына жасалма уруктандырууну жайылтуу жана өнүктүрүү" темасында өткөн семинарда Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Иш-чарага Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, райондук агрардык башкармалыктар, ветеринардык кызматтар жана дыйкан-фермерлер катышты.
Семинардын негизги максаты — өлкөнүн мал чарбасында асыл тукум сапатын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу ыкмасын кеңири жайылтуу болуп саналат.
Семинардын расмий бөлүгүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Төрөбаев жана КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.С. Сапаров кириш сөз сүйлөштү.
“Малдын саны өскөнү менен, сапаты төмөн бойдон калууда. Асыл тукум малдардын үлүшү болгону 0,1% түзөт. Мындай шартта жасалма уруктандыруу — сапатты тез жана системалуу жакшыртуунун негизги жолу”, — деп баса белгиледи министр.
Анын маалыматына ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча:
1 828 000 баш ири мүйүздүү мал, 6 280 000 баш кой-эчки, 553 516 баш жылкы, 7 731 000 баш канаттуулары катталаган.
Мамлекет тарабынан мал чарбасын асылдандыруу максатында 60 млн сом каражат бөлүнүп, 270 миң доза элиталык урук сатып алынып, 3 жыл ичинде 180–200 миң уй уруктандырылаары пландалууда.
Ошондой эле, “Кыргыз Республикасында асыл-тукум бодо малды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында 3% үстөгү менен 1 млрд 849 млн сомго 5 жылдык жеңилдетилген насыя берүү каралган. Бул чаралар фермерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жергиликтүү өндүрүштү жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Ал эми Адыл Сапаров учурдагы заманбап ыкмаларды колдонууга муктаждык бар экенин белгилеп, бул ыкма асыл тукумду жакшыртуу, сүт жана эт багытындагы көрсөткүчтөрдү көбөйтүү, аз продуктивдүү малды кармоодон чыгуу менен чыгымды кыскартууга мүмкүн болорун айтты.
Бул багытта, мисал катары, облуста ишке ашып жаткан «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында 3000 баш ири мүйүздүү мал жасалма уруктандырылып, 1912 музоо алынды.
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Т.Н. Беков, ТЕС борборунун директору М. Кожомкулов, жана Ветеринария кызматынан М.А. Каландаров жасалма уруктандыруунун эффективдүүлүгү, экономикалык артыкчылыктары жана учурдагы жетишкендиктер тууралуу маалымат беришти.
Семинардын соңунда практикалык негизде малды жасалма уруктандыруу процесси көрсөтүлүп, катышуучулар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, кеңири жооптор алынды.