29 октябрь 2025
Кароолор: 17
МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕРГЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМДӨРҮ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн 29-октябрда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалы тарабынан жаратылыш жана өрт кырсыктарынан жабыркаган мамлекеттик мекемелерге жалпы 2 млн 202 миң 153 сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаттары тапшырылды.
Сертификаттарды Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү тапшырып, облустагы бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин имараттарын, техникаларын, айрыкча жаңы алынып берилген техникаларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу зарылдыгын баса белгиледи.