02 январь 2024

Кароолор: 300

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эл кызматында

Бүгүн, 2-январда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов жыйынга келген акимдер, айыл өкмөт башчылары менен баарлашып, майрам күндөрүнө карабай жетекчи болгон соң эл кызматында болууларын тапшырды.

Ошондой эле облус башчысы 2023-жылы Административдик-аймактык реформанын натыйжасы менен түрткү катары Президент тарабынан айыл өкмөт башчыларына берилген кызматтык автоунаалардын абалын карап, айрымдарына жакшы пайдалануу боюнча сын пикирин айтты. Кызматтык автоунааларды өз менчигиндей карап, жакшы абалда, таза, талаптагыдай күтүүлөрү зарылдыгын милдеттендирди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.