26 январь 2025
Кароолор: 66
Мамлекеттин балансына кайтарылып алынган объектилерди жаңыча ишке киргизүү аракеттери көрүлөт

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Чаек айыл аймагына караштуу Жаманталаа участогунда дарылык касиети бар ысык суу чыккан объекттин жана Чаек айылындагы кирпич заводунун абалы менен таанышты.
Облустун аймагындагы 14 мүлк мамлекеттин балансына кайтарылып алынган. Алардын катарында Жумгал районунун Чаек айылындагы кирпич заводу жана Жаманталаа участогунда дарылык касиети бар ысык суу чыккан объект бар.
Облус жетекчиси А.Эргешов бул объектилерди ишке киргизүү үчүн көп каражат талап кылынарын белгиледи. Ысык суунун дарылык касиети клиникалык негиздемелер менен далилденгенин маалымдады. Аталган объект түндүк-түштүк альтернативалык жолунун боюнда болгондуктан перспективасы бар экенин айтып, ден соолукту чыңдоочу санаторий салуу мүмкүнчүлүгү каралат. Ал эми кирпич заводу 2 млн кирпич чыгарган учурда гана киреше алып келе турган ишкана болоорун билдирди. Долбоорлорду комплекстүү карап чыгып, абалын талдаган соң тийиштүү чечимдер чыгарылат.
Ысык суу чыккан участокто 1991-жылы курулган бир кабаттуу имарат жайгашкан. Көп жылдан бери кароосуз калганына байланыштуу Чаек айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Акыркы жылдары Насипа Самудинова бул имаратты кароого алып, иштетип келет. Анын айтымында лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде суу 42-54 градуска чейин ысып чыгат. Курамында 220 компонент бар экени аныкталган. Бул суу тери, муун ооруларына, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Сууну дарылыкка ашказан, боор ооруларына дагы ичкенге болот. Имарат оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми СССРдин убагында салынган кирпич заводу учурда жараксыз абалга келген.