28 февраль 2025

Кароолор: 31

МАРСБЕК АСАНБЕКОВДУН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ: НАРЫНДА ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ ӨТМӨ КУБОК

Бүгүн, 2025-жылдын 28-февралында, Нарын облусунда милициянын ага лейтенанты Марсбек Асанбековдун жаркын элесине арналган жыл сайын өткөрүлүүчү волейбол оюну боюнча өтмө кубогу болуп өттү. Ага 9 команда катышты.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов спорт аркылуу келечек муунду шыктандырып биримдикти чыңдоого мүмкүн экенин белгиледи. Ал эми маркумдун ата-энесине, жакындарына кайрат айтып, иш-чарага катышкан жана аны колдогон бардык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. 

«Бүгүнкү турнир — бул жөн гана спорттук иш-чара эмес. Бул биздин биримдигибиздин, достугубуздун символу. Волейбол, башка командалык оюндар сыяктуу, бири-бирибизди колдоого, биргелешип иштөөгө жана кыйынчылыктарды жеңүүгө үйрөтөт. Спорт бизди бириктирет жана күчтүү болууга жардам берет», — деди облус башчы.

 Мелдешке катышкан командаларга дем берүү үчүн А.Эргешов оюн талаасына өз командасы менен чыгып, кызыктуу оюн тартуулашты.

  Оюндун соңунда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.