14 июль 2025
Кароолор: 5
МЕДИЦИНА ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ НАРЫНДА ЖАҢЫ ӨНӨКТӨШТҮК

Өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын алкагында Нарында билим берүү, медицина жана айыл чарба багытындагы ири долбоорлор ишке ашат.
Бүгүн, 14-июлда Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров “Агахан” өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар медицина, билим берүү, инфраструктура жана айыл чарба тармактарында кызматташуу маселелерин талкуулап, алдыда бул багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга келишти.