16 сентябрь 2023
Кароолор: 327
Мекен чегинде курман болгон эл уулдары эскерилди

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында 2021-2022-жылдары курман болгон жоокерлер эскерилди.
Эскерүү иш чарасы КР УКМК чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы Нарын облусу боюнча чек ара башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Белгилүү болгондой, эки жыл удаасы менен болгон чек ара жаңжалында Теңир Тоонун 6 азаматы чыныгы баатырдыкты, тайманбастыкты көрсөтүп, мекен чегинде курман болушкан.
Алар: “Бөрү” атайын даярдыктагы отрядынын офицери Эсентур Кубанычбеков, “Эрдик” медалынын жана 2-даражадагы “Мыкты чек арачы” наамынын ээси, офицер Бейкут Алмаз уулу, улук лейтенант Апсамат Жекшенбеков, “Бөрү” атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары, сержант Нурсултан Жаныбеков, чек арачы прапорщик Мирлан Какеев жана чек арачы сержант Жеңишбек Илимбек уулу.
Иш чарада антына бек туруп, мекен чегинде шейит болгон эл уулдарынын ысымдары сыймык менен эскерилди. Алардын жаркын элесине багышталып куран окулуп, видеотасмалар көрсөтүлдү.
Эскерүү иш чарасында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Алтынбек Эргешов баатыр уулдарды өстүргөн ата-энелерге таазим кылып, сабыр тиледи.
-Баатырдын ата-энеси болуу да кыйын. Баарынын эле тагдырына баатырдык өлүм жазыла бербейт. Ыйлап отурган ата-энелерге айтаарым, башыңарды бийик көтөргүлө,-деп кайрат айтып, заманыбыз тынч, асманыбыз ачык болуусун, тирүү баатырлар көп болуусун тилек кылды.
Иш чара театралдаштырылган программа менен коштолду.
Ошондой эле курман болгон чек-арачылардын жаркын элесине арналып, күч түзумдөрү арасында өткөрүлгөн спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.