06 июль 2025

Кароолор: 4

МИҢ-КУШ АЙЫЛЫНА КАРАШТУУ “КАК” ТИЛКЕСИНДЕ АБАЛ ТУРУКТУУ. АДАМ ӨМҮРҮНӨ ЖАНА ТЕХНИКАЛАРГА ЗЫЯН КЕЛТИРИЛГЕН ЖОК

2025-жылдын 06-июлунда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына караштуу "Как" тилкесинде "Минерал Прайм" ЖЧК тарабынан көмүрдү казып чыгаруу учурунда жер көчкү түшкөн. (Көлөмү болжол менен 1 млн м3).

Адам өмүрүнө жана техникаларга зыян келтирилген эмес.

Жерине КР ӨКМнин Жумгал райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп, жер көчкү түшүү коркунучу сакталып турганына байланыштуу "Минерал Прайм" ЖЧК тарабынан казып чыгаруу иштери убактылуу токтотулду.

Дагы кошумча маалымат берилип турат.