15 апрель 2026

Кароолор: 14

МИҢ-КУШТА ЭЛ АРАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ТУРИСТТИК ФОРУМ ӨТӨТ

2026-жылдын 20–22-май күндөрү Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында эл аралык деңгээлдеги туристтик форум өткөрүлөт.

Аталган иш-чара боюнча 15-апрелде облус башчысы тарабынан онлайн форматта кеңешме өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү Дмитрий Прудцких жана Данил Цой, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана тармактык мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө форумду жогорку деңгээлде уюштуруу, Миң-Куш аймагындагы туризмди өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана эл аралык кызматташууну кеңейтүү багыттары талкууланды.