22 май 2026
Кароолор: 8
МИҢ-КУШТА ЭЛГЕ ТӨБӨСҮ КӨРҮНГӨН МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮНҮН КОШТООСУНДА ЧОҢ КОНЦЕРТТИК ПРОГРАММА БОЛУП ӨТТҮ

22-май күнү Жумгал районунун Миң-Куш айылында белгилүү ырчы-аткаруучулардын коштоосунда концерттик программа уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чарага Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын төрагасы Элдияр Калдарбеков, ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров жана айыл тургундары катышты.
Концерттик программада кыргыз эстрадасынын белгилүү өкүлдөрү өнөр көрсөтүп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө Миңкуш айылынын туризм мүмкүнчүлүктөрү, аймакты өнүктүрүү жана эл менен байланышты чыңдоо маселелери дагы белгиленди.