08 январь 2026

Кароолор: 20

МИҢ-КУШТА КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫ ИШ ҮСТҮНДӨ

Облус башчысы Жумгал районунун Миң-Куш айылына болгон иш сапарынын алкагында калкты тейлөө тармагындагы бир катар объекттер менен таанышты. Алгач Миң-Куштагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратына барып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен таанышты жана дарыгерлердин көтөргөн көйгөйлөрүн укту.

Андан соң Миң-Куш айыл аймагынын жашоо-тиричилик жактан тейлөөчү ишканасынын ишмердүүлүгү каралып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар боюнча маалымат алынды. Иш сапардын соңунда көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына облус башчысынын атынан белектер тапшырылды.