15 май 2025

Кароолор: 27

МИНИСТР БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында кайра иштетүү жана айыл чарба тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында курулуп жаткан тоок этин кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышып, бул долбоор 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартканын жана ишке кирсе 20 адамды жумуш менен камсыз кыла турганын белгиленди.

Ошондой эле, Эмгекчил айылында сафлор өсүмдүгүнөн май чыгаруучу чакан цех түзүлүп жатканы маалымдалды. Саатына 200–300 кг май өндүрүүгө жөндөмдүү бул цех 5 адамды жумуш менен камсыз кылат. Ишкананын ишке кириши 2025-жылдын аягына пландалган.

Мындан тышкары, “Карабүк” участогунда курулуп жаткан мал союучу жана жүн, тери иштетүүчү комплекстин алкагында жүндөн кийиз жана бут кийим өндүрүү, мал союу жана кошумча продукцияларды кайра иштетүү каралган. Учурда курулуштун 80% аяктап, 13 млн сом сарпталды. Долбоор толук ишке кирсе, 50дөн ашык адам туруктуу жумуш менен камсыз болот.

Министр Төрөбаев бул жергиликтүү ишкерлердин долбоорлору Нарын облусунда өндүрүштү жандандырып, экономикалык өсүшкө түрткү берип, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Өкмөт мындай башталыштарды ар тараптан колдоону улантарын баса белгиледи.