25 март 2026
Кароолор: 13
МИНИСТР ЭРЛИС АБАКИРОВ НАРЫН ОБЛУСУНДА АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

25-март күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Абакиров Нарын облусуна иш сапары менен келип, бир катар чарбаларды кыдырып, эпизотиялык абал менен жеринде таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр аймактагы ветеринардык кызматтардын иштерин, оорулардын алдын алуу чараларын жана мал-жандыктардын абалын баалап, тиешелүү облустук кызматтарга тапшырмаларды берди.